21.09.2018 13:14

Валентина Шевченко польшалык мушкер менен чемпиондук кур үчүн беттешет

Валентина Шевченко  польшалык мушкер менен чемпиондук кур үчүн беттешет

Мушкер Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн 57 килограммга чейинки салмак ченинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешет. Бул тууралуу UFC`нин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, UFC 231 турниринин алкагындагы беттеш 8-декабрда Канаданын Торонто шаарында орун алат.

Енжейчик 2015-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылга чейин чемпион болуп турган. 2017-жылдын ноябрь айында Роуз Намаюнастан жеңилип,  чемпиондук курунан айрылган. 2018-жылы реванш алууга мүмкүнчүлүк алып, бирок кайрадан жеңилип калган.

Белгилей кетсек, 57 килограммга чейинки салмакта чемпиондук кур АКШлык Никко Монтаного таандык болчу. Ал чемпиондук курун коргоо үчүн Шевченко менен беттешмек. Бирок ал ден соолугунун начарлаганын айтып, беттештен баш тарткандыгы үчүн чемпиондук курдан ажыратылган.